Жаңылыктар

Кененирээк

Тарбиячылар Жумалыгы

Бул жумада биздин лицейде “Тарбиячылар Жумалыгы” өтүүдө. Сиздердин ордуңуздар лицей жашоосунда басымдуу роль ойноорун баарыбыз билебиз жана талыкпаган эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Видеотасмада балдар даярдаган атайын чын жүрөктөн айтылган каалоо тилектер сиздер үчүн.

Биздин лицейдин максаты дүйнөдөгү абалды жакшы жакка өзгөртө турган адамдарды тарбиялоого

Биздин лицейдин максаты дүйнөдөгү абалды жакшы жакка өзгөртө турган адамдарды тарбиялоого, прогрессивдүү муунду окутууга жана билим берүүгө багытталган. Азыртадан эле, биздин студенттер ыктыярдуу программаларга катышып, долбоорлорду үйрөнүп, технология, илим жана коомду өнүктүрүүгө багытталган өздөрүнүн долбоорлорун түзүүдө.

Биздин лицейде маал-маалы менен мугалимдер үчүн пайдалуу семинарлар өтүп турат

Биздин лицейде маал-маалы менен мугалимдер үчүн пайдалуу семинарлар өтүп турат. Бул жолу окутуучулар үчүн ары кызыктуу, ары маалыматка бай семинарды “Wisefull” психологиялык борбору өткөрдү.  

11-класстын окуучулары алдыда жалпы билимдик SAT тестине катышты

11-класстын окуучулары алдыда АКШ менен Канаданын университеттерине тапшыра алуу үчүн жалпы билимдик SAT тестине катышып, өтө жогорку жыйынтыктарга жетишти. Ушундан улам биз алар менен сыймыктанабыз. Болочок бүтүрүүчүлөрүбүздү куттуктайбыз жана тапшырууда ийгилик коштоосун каалайбыз! 🎓 Камчыбеков Атай (1450); Байболотов Бекендос (1410); Садыров Данияр (1330); Тариэль уулу Эльмурас (1320); Иминов Абдулмалик (1310); Медет уулу Шабданбек (1310); Батырбеков Бексултан […]

Лицейде “Wisefull” психологиялык борбору кызыктуу семинар өттү

Бүгүн биздин лицейде “Wisefull” психологиялык борбору 9-10-класстын окуучулары үчүн «Тез окуу» темасында кызыктуу семинар өттү. Балдар андан окуу ылдамдыгын арттыруу боюнча көптөгөн пайдалуу маалыматтарды жана практикалык ыкмаларды билишти.  

Биздин лицейде SAT жалпы билим берүү тестине интенсивдүү даярдык жүрүүдө.

Биздин лицейде SAT жалпы билим берүү тестине интенсивдүү даярдык жүрүүдө. Балдар тапшырмаларды аткарып, мугалими менен суроолорду талкуулап, тесттин маанилүү бөлүмдөрүн талдашууда. 📝Эмесе балдарыбызлын тестти ийгиликтүү тапшыруусуна тилектешпиз!