Экономика Боюнча Шаардык Олимпиада

Экономика Боюнча Шаардык Олимпиада

4-апрель күнү Эларалык “Ала-Тоо” университети тарабынан уюштурулган 10-11-класстар арасындагы экономика боюнча шаардык олимпиада болуп өттү. Ага биздин лицейдин атынан социалдык-экономикалык классынын 15 окуучусу катышты. Байгелүү орунга 11-класстын окуучусу татыктуу болуп, Атай Камчыбеков III орунду ээледи. Бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.