Contact +996 500 111 211

Address Бишкек ул. Широкая 1а, 720024

АКМО

БУЙРУК №01-01/34

 

6-класстарынын окуучуларынын арасында

Республикалык математикалык олимпиаданы өткөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин кызматташуу жөнүндөгү Меморандумунун 2.2 пунктунун негизинде жалпы билим беруу уюмдарынын 6 - класстарынын математикалык билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу, жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана колдоо көрсөтүү максатында Республикалык математикалык олимпиада өткөрүү боюнча

буйрук кылам:

 

§1

АКМО олимпаданын Жобосу бекитилсин.

Жобону Республиканын облустук, шаардык Билим берүү башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн, усулдук борборлорунун жетекчилерине тааныштыруу, (“Кут билим газетасы аркылуу”) жеткирүү “Сапат” башкы дирекциясына (Султанмуратов А.Ш.) милдеттендирилсин.

 

§2

Олимпиаданын төмөндөгүдөй өткөрүү баскычтары жана мөөнөттөрү аныкталсын:

Олимпиада үч баскыч менен жүргүзүлөт:

  • I баскыч: Онлайн (15-26-февраль 2021-ж.)

2021-жылдын 15-26-февралдын аралыгында өткөрүлөт.

Бул баскычта ар бир райондун жалпы орто билим берүү уюмдарынын (мектептеринен, гимназияларынын, лицейлеринин) 6-класстардын каалаган окуучулары катыша алат. Олимпиаданын I баскычы www.exam.edu.kg сайтынан өткөрүлөт.

Олимпиаданын I баскычын онлайн сынактын негизинде өткөрүү даталары райондук/шаардык уюштуруу комитети тарабынан бекитилет.

2021-жылдын 27-февралында онлайн сынакка катыша албаган окуучулар үчүн бир күндө, бир убакытта оффлайн сынак өтөт.



  • II баскыч: Оффлайн (13-март 2021-ж.)

2021-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын областтарында, Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт. Бул баскычта уюштуруу комитети тарабынан бекитилген сынактын борборлорунда олимпиаданын I- баскычында байгелүү орундарды ээлеген 10 окуучу катышат. II- баскычтын өткөрүлүүчү сынактын борборлору:

    • Бишкек Ч.Айтматов лицейи (Бишкек шаарынын мектептери);

    • Токмок «Үмүт» жалпы билим берүү лицейи (Аламүдүн, Чуй, Ысык-Ата райондору, Токмок жана Кант шаарлары);

    • Жайыл Баатыр атындагы лицейи (жайгашкан жери: Ново-Николаевка айылы. Катышуучулар: Жайыл, Сокулук, Панфилов, Москва райондору жана Кара-Балта шаарынын окуучулары);

    • Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи (Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларынын жана Ысык-Көл облусуна караштуу райондордун окуучулары );

    • М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи (Нарын шаарынын жана Нарын облусуна караштуу райондордун окуучулары);

    • Талас «Мээрим» жалпы билим берүү лицейи (Талас шаарынын жана Талас облусуна караштуу райондордун окуучулары);

    • З.Нурматова атындагы Жалал-Абад лицейи (Жалал- Абад шарынын жана Жалал-Абад облусуна караштуу райондордун окуучулары);

    • Ош «Сема» лицейи (Ош облусуна караштуу райондордун окуучулары);

    • Курманжан Датка атындагы Ош лицейи (Ош шаарынын окуучулары);

    • Семетей” атындагы Кадамжай лицейи (Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун жана Баткен, Сүлүктү шаарынын окуучулары);

    • И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи (Кызыл-Кыя шаарынын, Ноокат районунун, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн окуучулары).



  • Өлкөдөгү эпидемиялык абалга жараша II баскычы онлайн да болушу мүмкүн.

Олимпиаданын бардык баскычтарындагы катышуучулардын ден-соолугуна жана өмүрүнүн коопсуздугуна тиешелүү иш чараларды кабыл алуу, мектеп жетекчилери, мугалимдер жана ата-энелер коомчулуктарынын арасында өз убагында түшүндүрүү иштерин алып барууну облустук, шаардык Билим берүү башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн, усулдук борборлорунун жетекчилери менен биргеликте камсыздоо “Сапат” лицейлеринин жетекчилерине милдеттендирилсин.

 

  • III Республикалык жыйынтыктоочу баскыч: Оффлайн

2021-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарында, Ч.Айтматов атындагы лицейинде өткөрүлөт. АКМО олимпиадасынын жыйынтыктоочу баскычына олимпиаданын II баскычындагы байгелүү 1,2,3,4,5-орундарды ээлеген 5 окуучу катышат.

 

§3

Олимпиаданын I-II баскычтарынын катышуучуларынын жана командалардын жетекчилеринин транспорттук каражаттары жөнөтүүчү тараптын эсебинен камсыздалуусун, III баскычына катышкан облусттук командаларынын жана

жетекчилеринин транспорттук каражаттарын “Сапат” лицейлери тарабынан камсыздоосу лицейлердин директорлоруна тапшырылсын;

 

§4

Олимпиаданын III баскычын өткөрүүгө, катышуучулардын жатаканасын, тамактануусун камсыздоо, жеңүүчүлөрдүн баалуу сыйлыктарын каржылоо, жыйынтыгын КР ББИ министрлигинин ММТ башкармалыгына, “Кут билимге” тапшыруу «Сапат» башкы дирекциясына милдеттендирилсин.

 

§5

Бул буйруктун аткарылышын “Сапат” башкы дирекциясына (Султанмуратов А.Ш.) тапшырылсын.

 

 

 

 

Башкы директор Кудайбердиев Н.Ш