Contact +996 500 111 211

Address Бишкек ул. Широкая 1а, 720024

КЫЛЫЧ УРАИМОВ 7000$

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров информатика боюнча дүйнөлүк олимпиадада ийгиликке жеткен “Сапаттын” окуучулары жана алардын ата-энелери менен жолугушту. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын кеңсесинде өтүп, ага Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азис Абакиров дагы катышты. А. Жапаров өз сөзүндө окуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жеңүүчүлөргө мындан ары дагы ийгиликтерди каалады. Кыргызстанга алгачкы күмүш медаль алып келген биздин окуучубуз Айдар Мундузбаев чет өлкөдө билим алып жатышкандыгына байланыштуу, окуяга онлайн күбө болду.
Кылычбек Урайымов агайыбызга 7000 доллардын сертификаты, 2-орунга ээ болгон Айдар Мундузбаевга 5000 доллардын сертификаты ыйгарылды.
Куттуктайбыз👏👏👏